Биз социалдык тармакта

​Бишкек мэриясы мектептерди азырынча офлайн-режимге өткөрбөйт

Бишкек мэриясы азырынча баш калаанын мектептериндеги айрым класстар менен бала бакчаларды кадимки режимдеги иш тартибине кайтарбай туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева жетектеген эпидемияга жана эпизоотикага каршы шаардык комиссия абалга мониторинг жүргүзгөндөн кийин кабыл алынган. Чечимге ылайык, 1-5-9-11-класстардын окуучулары гана мектептерге барып билим алышат.

Буга чейин мэрия бала бакчалардын ишин 20-январдан, мектептердеги бардык класстардын окуусун 1-февралдан тартып кадимки режимге өткөрө турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан