Биз социалдык тармакта

Кадрдык алмашуулар. Ош шаарынын мэри кызматтан алынат деген кептин чын-бышыгы

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кызматтан жакынкы аралыкта алынат деген кептерди социалдык тармактын колдонуучулары жазып жатышат. Бул маалыматтын чын-бышыгын мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров айтып берди. Анын маалыматына ылайык, Сарыбашев кызматтан алынат деп айтылып жаткан кептерге негиз жок.

"Мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт, ошондо баары мыйзамдын негизинде билинет. Ал эми мэриядан Сарыбашев кетет деген кептер, социалдык тармактын 5-6 колдонуучусу тарабынан эле айтылып жатат. Албетте алар бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын билебиз.

Ал эми мэрияга бийлик тараптан эч бир маселе айтылган жок, учурда мыйзамдуу иштеп жатабыз. Болгону 5-6 адам ар нерсени жазып жатат. Албетте мэр болгусу келип, нааразы болгондор, алдыдагы шайлоого катышсын, жыйынтык ошондо билинет. Бул иш ордуна 2 адам катуу кызыктар, ошондуктан айтылган кептерге эч кандай негиз жок", - деди Абсатаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Moskva93
2021-02-01 17:09:34
Доорубочу
-1
max-bek
2021-02-01 17:21:01
Сен Оштун элинин атынан суйлобой эле кой. Шаардын осуп онугуусу кооздугу сен учун бир тыйынчалык эмес экен. Жеке ич коптуулугун менен кек санап элдин эмес озундун ызаа кегин учун оштун мэрин кет дегенге сенин акын да жок. Мен билгенден Оштун 90% эли Сарыбашевди колдойт. Айтчы дагы КРда кайсы шаардын мэри ушунчалык иштеп атканын.мындай мэрди кундузу чырак менен издесен да таппайсын. Жеке кызыкчылыгынарды элден жогору койгонду токтоткула. Калп эле которулсун деп коет эптеп демин чыгарып ичи ачышып
+2
Bolotbek9191
2021-02-02 03:45:34
Эн соонун иштеп жатат тийбегиле Садыр абайла эл сага ишенип чон умут менен шайлады
+1
arimaz89
2021-02-02 06:27:51
Сарыбашев мыкты мэр!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан