Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн ачылышы болуп, эксплуатацияга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров катышты.
"Аймактык оорукананын балдар бөлүмүнүн курулуш иши "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен 2019-жылы башталган. Имарат 2 кабаттуу, 30 орундуу жана аянты 450 квадрат метр жерди ээлейт", - деп жазылат маалыматта.