Биз социалдык тармакта

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башчысы кызматтан кетти

"Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башчысы Жолдошбек Ачикеев өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына аталган компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Электр станциялар" ААКы компаниясынын башчысы Жолдошбек Ачикеев өз каалоосу боюнча берилген арызына ылайык ээлеген кызматынан кетти. Компаниянын директорлор кеңеши тиешелүү чечим кабыл алды. Анын ордуна Таалайбек Бектенов башкы директордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Жолдошбек Ачикеев директордун кызматын 2020-жылдын 27-февралынан бери аткарып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
janyll
2021-02-02 10:30:19
Жеп жеп алып чонтокту толтуруп кетиптирда
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан