Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалган. Анын өмүр баянын президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.
Нуркамал Асканова 1960-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-Март айылында туулган.
Орто мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан уюштуруучу-методист адистиги боюнча жогорку билимге ээ болгон.
1993-жылы Мамлекеттик телерадио компаниясына режиссердун ассистенти кызматына кабыл алынган. КТРКнын дээрлик бардык редакцияларында иштеп, бир канча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган:
2000-2006-жылдары "Шок-Факт" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу жана редактору;
2002-2008-жылдары укуктук багыттагы көрсөтүүлөрдүн уюштуруучусу жана режиссёру;
2003-жылы Москвадагы телекөрсөтүү кызматкерлеринин билимин өркүндөтүү институтунан таалим алган;
2007-жылы дайынсыз жоголгон жарандарды издеп, иликтеген "Кайдасың?" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;
2013-2014-жылдары Орусиянын аймагындагы кыргыз мигранттарынын турмушун чагылдырган "Кыйырдагы кыргыздар" көрсөтүүсүнүн редактору жана уюштуруучусу;
Орусиянын "Биринчи каналындагы" "Жди Меня" программасы менен, 2017- жылдан бери Кытай Борбордук телекөрсөтүүсүнүн "Жди Меня" долбоору менен ийгиликтүү кызматташып келген.
2021-жылы февраль айына чейин КТРКнын саясий-социалдык багытта иш жүргүзгөн "Маалымат" бөлүмүнүн баяндамачысы.