Биз социалдык тармакта

Бишкек ЖЭБинде электр куроонун кыска туташуусу орун алды

Бүгүн, 2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда Электр куроонун кыска туташуусу орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматкери Тагжана Айдаралиева билдирди.

"Бишкек ЖЭБиндеги кампага отунду түшүрүүчү жер астындагы конвейерде электр куроонун кыска туташуусу орун алды. Өрт чыккан жеринде өчүрүлдү. Жеке курам жабыркаган жок, конвейерлер бузулган жок. Учурда кабелдик линиялардын бүтүндүгү текшерилип жатат", - деди ал.

Бишкек ЖЭБи өлкөбүздүн түндүгүндөгү эң чоң энерго-объект болуп эсептелет. Бишкек ЖЭБинин бир суткада өндүргөн электр энергиясы бир чоң ГЭС өндүргөн электр энергиясына барабар. Башка ири энерго-объекттер өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан