Биз социалдык тармакта

Депутат билим берүү тармагына саясатты аралаштырбоо керектигин айтты

Депутат Самат Исманов билим берүү тармагына саясатты аралаштырбоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал Билим берүү жана илим министрлигине сунушун айтты. "Мариф" фонду мектеп салабыз деп жатат. Булардын мектептери "Сапат" мектебине каршы салынып жатат. Бул биздин ички саясатыбыз. "Сапаттын" мектептерин сактап калганга аракет кылуу керек. Ал жакта биздин балдар окуган. Билим берүү тармагын саясатка аралаштырбоо керек", - дейт ал.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев "Сапатка" каршы иш жоктугун айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан