Биз социалдык тармакта

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу пандемиянын үчүнчү толкунуна даярдыктар бар экенин айтты

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы курамы сунушталып жатат.

Анда депутат Жыргалбек Турускулов саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиевге суроо узатты. "Сиз министр болуп иштегениңизге 3 айдай болуп калды. Пандемиянын 3-толкуну болот деп айтып жатышат. Даярдык барбы?" - деп сурады депутат.

Бейшеналиев: "Пандемиянын 2-толкуну октябрь, декабрь айында өтүп кетти. Учурда 3-толкунга даярдык көрүлүп жатат. Алгоритм ойлоп таптык, иштеп жатат. Кечээ кайсы вакцина келе турганын тактап алдык. Март айынын башында келет. Программаны ойлоп кирип жатабыз. Даярдыктар бар", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан