Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору парламентке сунушталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына конституциялык жыйындын башчысы Бекбосун Бөрүбашов билдирди. Анын айтымында, берилген документ коомдук талкууга коюлабы же жокпу азырынча анык эмес.
"Бул депутаттардан көз каранды. Авторлор тарабынан өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган. Баш мыйзамдын вариантын биротоло иштеп чыктык, эми эл өкүлдөрү референдумдун күнүн белгилеши керек", - деди Бекбосун Бөрүбашов.