Сүрөтчү Татьяна Зеленская Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги коррупциялык иштер тууралуу сүрөтүн Фейсбук баракчасына бөлүштү.
Сүрөттөн колуна акча толгон баштык көтөрүп, бутуна бахила кийип алып кан кечип бара жаткан адамды көрүүгө болот.

Эске салсак, Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Анда келишимде каралган 1 сом 50 тыйындык 150 түгөй бахилынын ордуна, иш жүзүндө 1 миң 500 даана бахилыны жогорку баада, бир даанасын 150 сомдон алынгандыгы белгилүү болгон.