Биз социалдык тармакта

Ош шаарындагы Салиева көчөсүнө курула турган аллеянын эскизи көрсөтүлдү

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүнө курула турган аллеянын эскизи көрсөтүлдү. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, 2021-жылы Салиева көчөсүнө аллея куруу пландаштырылган.
"Учурда долбоордук-сметалык документтерди даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Курулуш иштери башталганга чейин негизинен кароосуз калган үйлөрдүн айланасын санитардык тазалоо, мыйзамсыз курулуштар, тосмолор, гараждар, убактылуу соода түйүндөр жана бактар иретке келтирилүүдө. Планга ылайык, курулуш иштери ушул жылдын май айында башталып, жылдын аягына чейин бүткөрүлөт. Долбоордо тротуарларды, ирригациялык тармактарды реконструкциялоо, жолду асфальттоо, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери, көп кабаттуу үйлөрдүн маңдайкы бетин сырдоо, аллея жана фонтан куруу каралган", - дешти мекемеден.
Жүргүзүлүп жаткан иштер менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов тийиштүү жетекчилер менен биргеликте таанышып чыкканын кошумчалашты мэриядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bekbol2006
2021-02-02 22:35:38
Оо коз тийбесин
+6
bessmertiy
2021-02-02 22:36:00
Таалай мырза ишиңизге ийгилик!!!
+9
bond0202
2021-02-03 08:04:57
Эн сонун.машина токтогонго парковкаларды кобойтсонор жакшы эле
+1
Birimdik5555
2021-02-03 08:53:12
Сонун го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан