Бааларды турукташтыруу жана борбордун базарларын, дүкөндөрүн толтуруу үчүн өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кампалардан ун сатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын тургундары биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, экинчи сорттогу унду 16 сомдон алса болот.
Даректери: Карадарыя көчөсүндөгү 3-үйдүн базасынан (толук маалымат алуу үчүн 0556 700 800);
Кулиев көчөсү 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатып алууга болот.
Байланыш телефондор: 0 (312) 658658.