Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып келгенинен чыгышы төрт эсе көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 3-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 570 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 157 метр куб, агып чыгышы 680 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.