Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 1 медицина кызматкери кызыл зонадан жуктурган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 4 миң 179 учур катталса, алардын ичинен 4 миң 95 медкызматкер сакайган.