Биз социалдык тармакта

Тилек Токтогазиев кумшекер менен өсүмдүк майы кампада аз калганын эскертти

Бүгүн, 1-февралда Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев маалымат жыйын берип жатып, азык-түлүк кризиси тууралуу эскертти.
Анын айтымында, өлкөдө кумшекер жана өсүмдүк майынын көлөмү чектелүү. Жаңы кызматка киришкен айыл чарба министри бул көйгөйлөргө туш келерин билдирди.
"Биз дүйшөмбү күнү командабыз менен салтка айланган чогулушту өткөрдүк. Анда эң маанилүү делген эки суроону карадык. Биринчиси азык-түлүк боюнча, тилекке каршы, жакын арада жана жай мезгилинде буудайга байланыштуу курч маселе жаралат. Ошондой эле кумшекер боюнча Кайынды заводунда 18 миң тонна кумшекер бар, ал эми кампадагы 8 миң тонна кумшекер фермерлерге тийиштүү. Ошондо жалпы 26 миң тонна, бул көп болсо 3 айга гана жетиши мүмкүн. Мунун бирден-бир себеби аткезчилик болуп эсептелет. Мисалы, биздин коңшу өлкөлөргө тагыраагы Өзбекстан, Тажикстанга ири көлөмдө экспорттолгон. Бул боюнча биз өз кезегинде дайыма айтып чыктык, токтотуу керектигин эскерттик, бирок бизди угушкан жок.
Ал эми өсүмдүк майы боюнча бизде учурда акыркы 5 айга жете тургандай бар. Ошондой эле ун жана башка азыктар боюнча мен кесиптештеримден комиссия түзүп, кампаларды текшерүү тууралуу сурандым. Улуттук статистика комитети берген сандар чыныгы фактыдан өтө чоң санда айырмаланып турат", - деп билдирди Тилек Токтогазиев.
Ошондой эле ал жогоруда айтылган сандар калкты толук камсыздай албай турганын кошумчалап, кийинки келген министр кампалардын физикалык жагын текшерүү керектигин эскертти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond0202
2021-02-03 15:06:20
Кампада аз калды деп элди дурбопой коншу мамлекеттерден алгыла.иштей албасан ал жерде эмне олтурасын козуну жалдыратып.аз калыптыр деп сатуучулар дагы кымбат сата башташат эми.озу сага окшогон былжырактарды атып эле салыш керек
+4
bond
2021-02-03 15:17:04
Спекулянт экенсинго эртен кымбаттайт эми.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан