Биз социалдык тармакта

Тилек Токтогазиев: "Мени көргөндөр эт качан арзандайт деп сурашат"

Тилек Токтогазиев айыл чарба министри кызматынан кетип жатып, командасына ыраазычылык билдирип, мындан ары да реформаларды жүргүзүүгө чакырды.
Ошондой эле ал чек арада коррупциялык схема терең тамыр жайганын, анын кесепетинен миллиарддаган каражаттар мамлекеттик бюджетке түшпөй жатканын билдирди.
"Биз команда менен иштеп турганда өтө көп иштер кылынды десем жаңылышпайм. Мисалы, бизге Монголия өлкөсүнөн учак менен бодо малдар өтө арзан баада алынып келип жатты. Бул жерде ветеринардык жана карантиндик эрежелердин так сакталуусуна маани бердик. Биз ошол себептен Сокулук районунан жерди трансформация кылуу боюнча иштерди баштаганбыз. Эми бул нерсени мындан ары өнүктүрүп кетүү керек. Чет өлкөдөн бодо малдарды алып келүү биздин жарандардын акча каражатын табышына, мындан ары эттин баасынын калыпка түшүүсүнө жана баанын дагы да көтөрүлүүсүнүн алдын алуу болду. Эт маселеси боюнча биз тарапка ар кандай сын-пикирлер айтылып жатты. Эгер мени көрүп калышса, "ай, эт качан арзандайт" деп сурашат, биз бул көрүнүшкө жоопкерчиликти алып, иштерди баштаганбыз.
Биз аткезчилик боюнча билдирдик, коррупцияны айтып чыктык. Бизде чек арага байланышкан көптөгөн маселелер бар, фактылар да бар. Ошолордун кесепетинен мамлекеттик бюджетке миллиарддаган акча түшпөй жатат. Мисалы унду пескоблок деп көрсөтүп алып кирип жаткандарды айттык. Бул ун боюнча эле бизге миллиарддаган каражат түшпөй жатат. Ал эми бодо мал боюнча айта турган болсок, бир күчү бар депутаттар калкалашат балким... Биз бул жерге кандайдыр бир саясий күчтөргө кызмат кылганга келген эмеспиз, биз элге кызмат кылабыз деп ант бергенбиз. Бизде коррупцияга байланыштуу арыздар боюнча маалымат базасы бар. Далилдерди чогултууга убакыт жетишпей калды ошондуктан мен дагы көп нерсени айта албайм", - деп билдирди Токтогазиев.
Чүйдө 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2021-02-03 15:04:55
Сен ошону билсең жакшы болбойт белең.
-1
bond0202
2021-02-03 15:10:36
Иштей албайм деп башында эле айтышын керек эле.озбекстанга малды откором деп этти кымбаттатын.
-6
-FREEDOM-
2021-02-03 16:22:43
Арзандабай эле кыйматтап кеттиго. Эт жебей турган эле болдук. Айлыктан айлыка жеткичең карызссың. Ун,майлар асманды чапчыйт.
+4
Kari
2021-02-04 02:53:56
Тилек Токтогазиев куноолуу бекен эттин,тамак аштын кымбаттаганына?Дуйно жузу боюнча кымбаттап жатат.Пандемия анан доллар себеп болуп жатат.Жаш кадр болгонуна карабай жакшы эле аракет кылды.Мен жон гана ийгилик каалаймын.Келечекте Кыргыздын керегине кызматынды аябаган Кыргыздын жигити бол.Ийгилик.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан