Биз социалдык тармакта

Нарындагы жол кырсыгынан дагы бир адам көз жумду. Ал 38 жаштагы милиция кызматкери болгон

Бүгүн, 3-февраль күнү Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылынын Ак-Кокту тилкесинде Ауди С4 жана Тойота Ипсум унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 2 адам оор жаракат алганын ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкен.

Автокырсыктан дагы бир жабырлануучу каза болгонун, ал Ат-Башы РИИБинин кызматкери экенин Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ат-Башы РИИБинин кызматкери 1982-жылы туулган М.А. Ауди-С4 үлгүсүндөгү автоунаасы менен күн чыгыштан күн батышты карай бара жаткан. Карама-каршы тилкеде жогорку ылдамдыкта келе жаткан Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасы Ауди С4 унаасын келип сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу Т.А. окуя болгон жерден каза болгон, ал эми Ат-Башы РИИБинин кызматкери райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болду.
Жол кырсыгынын кесепетинен дагы үч жаран Ат-Башы райондук ооруканасына жаткырылды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жол кырсыгынын болушуна себепкер Тойота Ипсум үлгүсүндөгү автоунаасы болгон. Бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MAKALAK
2021-02-03 22:11:46
Эки Адам деп турат го ошондо
0
GS-Zari
2021-02-03 23:10:45
MAKALAK,ооба экоо тен каза болуптур, ичиндегилердин да акыбалдары оор деп жатышкан
0
Kari
2021-02-04 02:09:28
Милиция кызматкерлерине коз тийди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан