Биз социалдык тармакта

Тышкы иштер министрлиги Бишкек-Москва аба каттамы аптасына 6 жолу жүргүзүлөрүн кабарлады

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Орусияга үзгүлтүксүз түз аба байланыш аптасына 6 каттамга чейин көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алынганын маалымдайт.
"2021-жылдын 8-февралынан тартып Кыргыз жарандары Бишкек шаарынан Москвага "Авиа Траффик Компани" жана "Аэрофлот" авиакомпаниялары тарабынан жүргүзүлгөн үзгүлтүксүз аба каттамдары менен уча алышат.
Үзгүлтүксүз аба каттамдарынын көбөйүшү Covid-19 илдетинин жаңы штаммын Кыргыз Республикасына алып кирүүгө жол бербөө максатында алдын ала көрүлгөн чаралардан, жалпы эпидемиологиялык абал турукташкандыгынан улам ишке ашып жаткандыгын белгилейбиз", - дешти мекемеден.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен Москва-Бишкек аба каттамы аптасына 1 эмес, 3 жолу жүргүзүлөрүн кабарлаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-02-04 00:38:32
6 жолу учса жакшы болуптур, билеттин баасы 6 эсе арзандаса жакшы болот эле мурдагыдай кененирээк учуп калат эле чөнтөгү жука карапайым калк.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан