Биз социалдык тармакта

"Ыраазычылык айтты". Кызматынан бошотулган Нуржигит Кадырбеков министрликтин кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулду. Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган Нуржигит Кадырбеков министрликтин, департаменттердин жана ага тиешелүү мекемеде эмгектенген кызматкерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жыйында министр кызматында жасалган иш аракеттер тууралуу маалымдама жасап, өз салымын кошкон бардык адистерге ыраазычылыгын айтты.

Ал өз сөзүндө, маданият тармагында жасала турган иштер абдан жооптуу экендигин айтып, аны өнүктүрүүгө бардык күч-аракеттерди жумшоо зарыл деп билдирди. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ар бир тармак боюнча жетишкен ийгиликтерди баса белгилеп, алдыда бул багытта жасала турган иштер арбын экендигине токтолду".
Эске салсак, Нуржигит Кадырбеков буга чейин министрдин орун басары кызматында эмгектенип, 2020-жылдын 14-октябында министр кызматына дайындалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-02-04 00:00:40
Билимдүү адамды эмнеге билимин колдонуп калбады?
+18
Nazic
2021-02-04 01:09:41
Татыктуу министр болгон эле, аз иштесе да, тааныдык кылган жумушудан, чон из калтырды, кадр тандаганда азыр адашышты деп ойлойм, билимдуу, ынсаптуу ыймандуу кишини иштетип пайдаланып калыш керек болчу. Эми жаны окмот менен чынында умутум очту, балким билгени бардыр, бирок, неге кучтуу ыймандуу, ынсаптуу, мекеним, элим деген чыгаан уулдарынан пайдаланышпайт, эртен НК деле чет мамлекетке кетип калышы толук ыктымал... Азыркы бийликти коруп
+16
KUMU89
2021-02-04 02:14:02
Башка тармака кызматка коюп коргуло. Ото жонокой, билимдуу инсан.
+13
bratanyn
2021-02-04 08:06:56
Нуржигит билимдүк ыймандуу жана адамдык сапаты өтө жогору инсан.Элибизде ушундай жигиттер көп болсо өнүгөбүз ИНШАЛЛА!!!
+8
Aky12
2021-02-04 09:52:43
Садыр Жапаровго болгон умут очо баштады, Жакшы адамдарды бошотуп, Мариповду коюп алганы терен тушунксуз
+5
Erik2018
2021-02-04 15:46:43
Садыр ЖАПАРОВ жегич энергетика министрин эмнеге кайра кызматка койду.
+1
JaneEr
2021-02-04 17:17:54
Жапаровго уже ишенимим кетти,сразу эле ушинтип Мариповду коюшу,Кадырбековду бошотушу кызык.Ал деле кыйратпайт окшойт,диктатор болуп кетпесе болду эми
+1
Kombi
2021-02-04 20:22:55
Элим журтум деген Ото билимдуу, чыныгы адамдык сапаттары бар инсанды мансаптап ылдый корду булар. Чубак ажы олгондо элибиз катуу кайгырып ыйлады болчу, анын арасында мен да. Нуржигит бар деп сооронтком озумду. Кайран элим
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан