Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, ал кызыл зонадан жуктуруп алган. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4180 учур катталды, алардын ичинен 4097 медкызматкер сакайды.