Депутат Улугбек Садиков билимди адеп-ахлак коштобосо, тескери таасирин берип калышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Акыркы учурларда кээ бир мектептерде жоолукчан кыздарга чектөө, жосунсуз талаптар болуп жатат. Ооба, биз светтик мамлекетте жашайбыз. Бирок ошол эле убакта мусулман экенибизди унутпашыбыз керек. Кыргыздын улуттук кийимдери менен азыркы кыздар кийип жүргөн кийимдердин ортосунда айырмачылык аз эле. Бул тарбиянын таасири. Жакшы билим жакшы жакка иштетилет, жакшы натыйжа берет деген кепилдик жок. Дүйнөдө эң чоң белгилүү уурулар, кумарчылар математик, физиктер болгон да. Күчтүү атом бомбаларын ойлоп тапкандар күчтүү химик болгондор. Билимди адеп-ахлак коштобосо, тескери таасирин берип калышы мүмкүн. Кыздардын ыймандуу болгонуна сүйүнүшүбүз керек", - деди ал.