УКМКнын кызматкерлерине көп кабаттуу 6 үй салуу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
Тендердин шарттарына ылайык, 9 кабаттан турган 6 үйдү куруу үчүн 580 миллион 935 миң сом каражат бөлүнөт. Курулуш иштери 2022-жылдын август айына чейин аякташы керек.
Тендерге катышуу үчүн арыздар февраль айынын 25не чейин кабыл алынат.