Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров: "Миграцияны кантип эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кошсун? Эмнеге так маалымат билбей туруп жаза бересиңер?"

Сыдык Исиров аттуу социалдык тармактын колдонуучусу баракчасына Миграция кызматын Саламаттыкты сактоо министрлигине кошуптур деген пикирин жазды.

"Миграция кызматын министрлик кылса деген сунуштар айтылып келди эле. Саламаттыкты сактоо министрлигине кошуптур. Туура эмес. Мигранттар мындан ары көбөйсө көбөйөт", - деп жазган.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жооп кайтарды. "Эмнеге так маалымат билбей туруп жаза бересиңер? Элдин башын айлантып. Миграцияны кантип эле Саламаттыкты сактоо министрлигине кошсун?", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2021-02-04 15:56:27
Президент өзү жооп береби,президенттик аппараттан жооп беришпейби жок дегенде.
+6
Simels
2021-02-04 16:13:55
Оюбузга келген нерсени ойлонбой эле суйлой бергенибизди токтотпойлубу?!
+2
Belek1710
2021-02-04 16:15:06
Туура эмес маалымат таркаткандарды сотко бериш керек өзү. Ката жазган сайттар дагы өтө эле көп, журналисттер эмне эле болуп баратат шашылып анан.
+3
bema_bema
2021-02-04 16:26:08
Эл озубузду ономойун мамлекет дагы онолбойт,пейилге жараша болот окшойт.Кызарган жерди жулуп,бийлике келгендерди ызылдап эле жон иштетпей митинг кылып,беш кун боло электе кана иштегени деп алкылдап аялдар ажылдап кочодо.Россияда тим эле кары жашы дебей омондор сабап салды.Мыйзамга баш ийип сабыр кылып тургулачы.Прездентерди деле тим эле жамандап шыбап салабыз,сый урмат деген нерсе жок.Башка улуттар бир кыргызча суйлоп койсо тим эле молодец кылабыз.Коро албастык деген нерседен арылып ар бир адам
0
myrza_kyrgyz
2021-02-04 17:39:29
Кыргыз эли негизинен эле кандай эл билбеймин. Кезинде ушундай туурамес жазгандарга каршы мыйзам чыкты эле фейктер менен курошобуз,камалат деп,. Элдер каршы болуп коюшту го Сооронбай Шариповичке. Ушу закон керек болчу. Мисалы сени бироо уруксатсыз видеого тартып интернетке жиберсе эмне кыла аласын,эч нерсе кыла албайсын.
+2
aslan_akjol89
2021-02-05 00:07:50
Мурдакы деп ким жазган?
+1
vbrb
2021-02-05 16:16:26
саламаттыкты сактоо жана социалдык онугуу министрлигин бириктирип, курамына эмгек, миграция кесиптик окутууну аралаштырып коюшпадыбы, деги кандай адамды президент кылып шайлап алганбыз, карап койсо боло министрликтердин курамын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан