2021-2022-окуу жылына карата "Мектепке электрондук каттоо" автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу балдарды 1-класска кабыл алуу 2021-жылдын 15-февралынан тартып башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдарды 1-класска кабыл алуу ушул жылдын 15-февралынан 15-августуна чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта, Токмок шаарларынын мектептеринде жүргүзүлөт.
"Мектепке электрондук каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системин (АМС) ишке киргизүүнүн негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы берүү уюмдарынын 1-классына кирүүдө балдарды каттоо, эсепке алуу жана маалыматты иштеп чыгуу. Ошондой эле ар бир баланын башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим алууга тең укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоо. Балдарды мектепке киргизүүдө коррупциялык схемаларды минималдаштыруу болуп саналат.
Мындан сырткары "Мектепке электрондук каттоо" АМС мамлекеттик билим берүү кызматын ишке ашыруу үчүн акысыз программалык продукт болуп эсептелет", - деп жазылат маалыматта.
Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү – арыз ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
"Мектепке электрондук каттоо" АМС программалык деңгээлде кийинки мыйзамдуу жеңилдикке ээ жарандарга артыкчылык берет:
Ошондой эле Каракол, Нарын, Талас, Баткен жана Кара-Суу шаарларындагы мектептерде 2021-2022-окуу жылына карата балдарды 1-класска кабыл алуу 15-апрелден 15-августка чейин "Мектепке электрондук каттоо" АМС аркылуу жүргүзүлөт.