Биз социалдык тармакта

Жол эрежесин сактаңыз. Милициянын кайгуул кызматы рейд өткөрөт

Бишкек шаарында жакынкы күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында рейддик иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталып, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин одоно бузган айдоочулар көп болгондуктан, Бишкек шаарынын аймагында жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, наркотикалык заттар менен же мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо жана башка одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларга карата рейд өткөрүлөт.

"Рейд Бишкектин бардык 4 районунун белгилүү көчөлөрүндө унааларды катары менен токтотуп текшерүү менен коштолот. Андыктан жалпы айдоочуларга алдын-ала эскертүү менен бирге жол кыймылынын эрежелерин бузбоого чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2021-02-04 15:49:18
Ушундай текшериш керек камера жок жерде 180 менен айдашат анан кырылат сүзүшүп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан