SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Кадамжай районунун жашоочусу кайрылып, аймактагы башы бар, аягы жок зээнди кейиткен жолдун видеосун жиберип, андан өтөм деп 2 кыздын буту жанчылып калганын кабарлаган.
Бул маселе боюнча Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылганыбызда, учурда жол тууралуу маалымат такталап жатканын айтышкан.
Көп өтпөй атын атагысы келбеген аталган аймактын тургуну жол оңдолгонун айтып, оңдолгон абалдагы жолдун сүрөттөрүн жиберди.
"Жолду оңдоп коюшуптур" деди ал.