Биз социалдык тармакта

Ошто 3-класстын 6 окуучусу ууланып, ооруканага түштү

2-февраль күнү Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Дадан Султанов атындагы жатак интернатында 3-класстын 6 окуучусу ууланып, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, учурда алардын абалы жакшы жана алар неврология бөлүмүндө дарыланып жатышат.

"Балдардын ашказаны жуулуп, керектүү жардам өз учурунда берилди. Окуучулардын эмнеден улам ууланганы белгисиз, бирок алардын анализдери чыккандан кийин дарылоону дагы да күчөтөбүз", - деди оорукананын башчысынын орун басары Жыргалбек Кадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bekierke
2021-02-04 18:42:32
Биз мектепте дежурствого турганда кухняга жардамдашчук тамактарын беришип, ташып идиштерин.эми тамак жазалганын коруп кускун келет,анда жаш болуп коп нерсеге маани бербеген окшойбуз.Азыр эстесем идиштердин чекелери сынган, тазалык деген жок!ушул садик мектептерди жакшылап козомолго алса жогоркулар!ошол жаш балакайлар биздин келечегибизго,эмнеге текшеришпейт
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан