Биз социалдык тармакта

Ошко заманбап аэропортту Түркия курабы?

Ош облусунда жаңы эл аралык аэропорт куруу- стратегиялык жана экономикалык чоң мааниге ээ. Ал үчүн 10 гектар жер аянты Мады айыл аймагынан бөлүнгөн, бирок каражат чечилбей токтоп калган. Буга чейин кытайлык жеке компания куруу ниетин билдирген, бирок стратегиялык мааниден улам колдоо тапкан эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

"Эми Түркия мамлекети тарабынан каржылоо сунушу түшкөн. Бул багытта талкуу иштери жүрүп жатат. Аэропорт куруу пландалган аянтты Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов, өкүлдүн орун басары А.Махаммадов, Кара-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу К.Адиев, Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Матанбаев жана башка тийиштүү кызматтын жетекчилери барып жеринен көрүп, өкмөткө сунуш даярдоо тапшырмасы коюлду", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bond02
2021-02-05 02:12:53
Оз алдынча эч нерсе кура албайт окшойбуз.
+9
nurgaz
2021-02-05 09:50:00
Туркия менен алаканы жандантыш керек, ошондо эгемендуу мамлекет болобуз. Туркия онуккон олко.
+7
Deimon1990
2021-02-05 02:44:08
Өз алдыңча кургудай Кыргызстандын бюджети Американыкыдай,Түркияныкыдай беле.
Же сен мамлекетке акча берип койгонсуп айтасыңда.
+7
Bolotbek9191
2021-02-05 05:13:53
Эскини кайра курса болбойт бекен
-6
Jacob.
2021-02-05 09:41:18
Bolotbek9191,эски аэропортто ар бир учкан самалет Озбекстандын териториясына кирип чыгат. Ага да акча толойт, ошону жоюу максат...
+5
Pankration_MMA
2021-02-05 07:16:40
Түркияга курдуртуп туура кыласыңар, булар курулуштарды өтө сапаттуу курушат.
+8
NURSAPAR
2021-02-05 07:30:16
Өтө жакшы саамалык. Колдоп беришсин.
+10
bond
2021-02-05 08:25:32
Жуз гектар жер менимче.
+2
nazira...
2021-02-05 08:50:50
Кудай жвлгасын, тезирээк баштап ишсиздерге иш табылып калсын, талаада тентишпей. Өлкөбүз өнүгө берсин, билеттер да арзандайт эле эки аэропорт болсо.
+7
Datka7777
2021-02-05 14:04:46
Тезирек курулса экен
0
Gsuita
2021-02-05 15:37:54
Сонун жаңылык го. Ишке ашса аябай сонун болмок
0
Rahim76
2021-02-05 21:29:30
Мен кошулбайм.ОШ аэропорту Озбекстанга ото жакын ошол туура.Аэропорт кармап турат чек араны. Жылдын алдырдын.Акча толосок да туруш керек.Кобу аны тушунбой атат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан