Биз социалдык тармакта

Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге камакка алынды

Коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кубанычбек Жумалиевдин жана Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилигинин катышуусу менен Эл аралык медициналык университетине билим берүү ишмердүүлүгүнө карата лицензия берүүдөгү туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

"Такталгандай, Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетинин чыныгы ээси экендиги, билим берүү жаатындагы мыйзам долбоорлорун лоббилдөө үчүн кысым көрсөтүү жана саясий таасирин пайдалануу менен билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча лицензияны мыйзамсыз алгандыгы аныкталды.

Лицензиялык комиссия белгиленген мыйзамдык талаптарга жооп бербегендиктен алгач Эл аралык медициналык университетине лицензия берүүдөн баш тарткан. Бирок министрликтин жетекчилигине К.Жумалиевдин таасири алдында комиссиянын аталган корутундусу оң жагына өзгөртүлүп, Эл аралык медициналык университетине лицензия берилген.

Мындан тышкары депутат менен байланышы бар адамдар тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана салык төлөөдөн баш тартуу, мыйзамсыз баюу фактылары, ошондой эле аффилирленген жактар жана ишкердик субъекттери аныкталды.

Учурда 78ге жакын кыймылсыз мүлк объекттери жана ар кандай компаниялар, алардын катарында К.Жумалиевдин мурда менчиктештирүү жолу менен жеке карамагына алынган анын туугандарына жана аффилирленген адамдарга таандык "Таатан", "ГОИН" соода борборлору, билим берүү жана медициналык мекемелер, мейманканалар, кен чыккан жерлер, темир жана болот завод, телерадиокомпаниялар аныкталды.

2021-жылдын 4-февралында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, К.Жумалиевге 319-берененин 1-бөлүмү (коррупция) менен каралган кылмышка шектүү экендиги жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө камак жайына камоо түрүндө баш коргоо чарасы каралды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bessmertiy
2021-02-04 22:50:50
Бүт байлыгын өкмөткө алгыла да аукцион аркылуу сатып түшкөн акчаны бөлүп-бөлүп жеп алгыла.
+8
Simels
2021-02-04 23:54:58
bessmertiy, Диванный эксперт! Чоң коррупционерлер элдин канын соргондорду иштеп, кармап жатышат. Пейилди, оюңарды түздөгүлө! Кармабаса дагы айтасыңар сүйлөшүп алышкан деп, кармаса дагы айтасыңар оюңарга келгенди!
+7
Asman779
2021-02-04 23:03:27
Чон киттердин Бири кармалган экен. Кийинки очередь кимиси болоор экен?
+15
PFC-CSKA
2021-02-04 23:04:22
Толугу менен Сыймыктын жетишкендиги азаматсын Сыймык! финпол болбосо да башка куч кызматына башчы болуп келишинди кудайдан тилейм !
-6
Bolotbek9191
2021-02-04 23:59:45
Бул кезектеги Ташиевдин шоусуго дейм
-12
Omyke
2021-02-05 00:00:48
Даканса болсун Эми бул жагы
+9
Arai92
2021-02-05 01:10:38
Тан калыштууго...
-2
anarbek80
2021-02-05 01:22:00
Эмнеси болсо да иштеп, кармап, ичип-жегичтер менен катуу күрөшүп жатасынар азаматсыңар аягына чыгаргыла!!!...
+5
KaGaH
2021-02-05 04:00:33
Роза эже акчаларды даярдап туруңуз,кожоюн үй камагына чыксын ))
+1
nazira...
2021-02-05 09:30:41
KaGaH,жайладын го.
-1
zam81
2021-02-05 11:21:35
Эгер чындап камаса Ишеним уйуно чыгарсанар Ишеним очот азыркы бийликтен
+1
portugalia
2021-02-05 12:03:43
Уй камагына чыгарып жиберишеби дагы?
+1
Rusbayastan
2021-02-05 12:08:11
Качан уй камагына чыгарасынар,анынсын да айтып койгула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан