Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын январь айында 6 миллиард 555 миллион сом салык жана төлөм чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген план 119 пайызга аткарылды же 1 миллиард 45 миллион сомго ашыгы менен жыйналды.
2020-жылдын январына салыштырмалуу салыктар 1 миллиард 724 миллион сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 135,7 пайызды түздү.