Биз социалдык тармакта

"Күнөсканаларга чыныгы жаз келди". Бишкектин көчөлөрүнө 1 миллион 400 миң гүл отургузулат

Бишкекте шаар көчөлөрүн гүл отургузуп кооздоого даярдыктар башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, январь айында "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын күнөсканаларында себилген бир жылдык гүлдөрдүн уруктары өнүп чыккан.

"Бир жумадан кийин багбандар көчөттөрдү терип башташат жана аларды шаардын гүлзарларына отургузуу үчүн өстүрүшөт. Апрель айынын ортосуна чейин Жеңиш аянты биринчилерден болуп гүлгө оролот. Отургузуунун биринчи этабында 400 миң гүл отургузулат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл шаардын төрт районуна 1 миллион 400 миң гүл отургузуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан