Биз социалдык тармакта

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев мурун кайсы жерлерде иштеген? (өмүр баяны)

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 1965-жылдын 19-августунда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн. 1987-жылы Томск шаарындагы инженердик-курулуш институтун “инженер-куруучу” адистиги боюнча аяктаган.

2010-жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин “бухгалтериялык эсеп, талдоо жана аудит” адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

1987-1988-жылдары – Ново-Покровка Ремонттук-куруу башкармалыгында куруучу;

1988-1994-жылдары – "Ошагропромкуруу" бирикмесинин инженери;

1996-2005-жылдары - "Кызмат" коомунун аткаруучу директору;

2006 - жылдары - "Кызмат" коомунун директору;

2006-2008-жылдары «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин башкы адиси;

2008-2011-жылдары - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчилик кызматта иштеген;

2011-2013-жылдары - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кеңешчилер тобунун жетекчиси;

2013-2014-жылдары - “Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетиканы координациялоо бөлүмүнүн жетекчиси;

2014-2015-жылдары - “Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетика департаментинин жетекчиси;

2015-2017-жылдары - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Курулуш департаментинин жетекчиси;

2020 - жылдын 14-октябрынан тартып Өзгөчө кырдаалдар министри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-02-05 15:05:30
Бул чоң жегич ушул
+2
asman.81
2021-02-05 18:22:56
Жокту,барды коргон карапайым элден келуу керек,орун алмашуудан сумма озгорбойт.Октябрь революциясында кыргыздын кыраан жигиттери журду,ошолорду тарткыла кызматка.Жегичтерди бир жерден алып экинчи жерге отургуза бербей!Садыр Жапаровдон умутубуз чон,булар эски дироктор,эски министрлер эмнени кыйратат эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан