Биз социалдык тармакта

Башкы прокурор бахиланы 150 сомдон саткан кайсы фирма экенин айткан жок

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 1 сом 50 тыйындык бахиланы 150 сомдон сатып алган кайсы фирма экенин айткан жок.
"Азыр тергөө жүрүп жатат. Мен пиар катары сүйлөй берсем болмок. Бирок биз мыйзамды карайлы. Себеби бул тергөөнүн кызыкчылыгы деп коёт. Бирок ал жерде бир канча мамлекеттик кызматкерлер бар. Бирок министрликке жете элек", - деди ал.
Эске салсак, Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жеке коргонуу каражаттарын сатып алууда бир катар мыйзам бузууларды аныктады. Анда келишимде каралган 1 сом 50 тыйындык 150 түгөй бахилынын ордуна, иш жүзүндө 1 миң 500 даана бахилыны жогорку баада, бир даанасын 150 сомдон алынгандыгы белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
algakaray
2021-02-05 16:08:52
Айт да билсин Эл. Андай акмактарга катуу чара корулсун да.
+11
TIMON_BERKOWITZ
2021-02-05 16:25:39
Ошол бахила менен тунчуткула
+6
asman.81
2021-02-05 18:18:14
Бул жер жашынмак ойноочу жерби,силер айтпасанар ким айтат!Чыгаргыла эл астына,олумдон,пандемиядан акча жеген ким экенин королу!
+3
bond02
2021-02-05 18:46:44
Бул баш прокурор эмне эле кылыктанып жатат, билем бирок айтпайм деп эле.
+5
ruslan868600
2021-02-05 18:58:29
жашыргыла,айтпагыла,Баткендеги болуп жаткан сырларды жашыргыла,бензиндин эмне үчүн кымбаттап жатканын жашыргыла,светтин 1 күн түндөсү,1 күн күндүзү өчкөнүн жашыргыла кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болуп жаткандыр...
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан