Бишкек жана Ош облусунда эки прокурор өз каалоосу менен ээлеген кызмат ордуларынан бошотулганын Башкы прокурор маалымат жыйында билдирди.
"Темир Бекмаматов жана Кубат Абдраимов өз каалоосу менен кызматтан бошотулду. Себеби ден соолуктарына байланыштуу болду. Ал эми мен кызматка келгени 3 орун басарымдын кызматтарын алмаштырдым. Башка деле кыскартуу болгон жок", - деди Зулушев.