Бүгүн, 5-февралда, маалымат жыйынынын жүрүшүндө Курманкул Зулушев интернетке экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен белгисиз адамдын сүйлөшүүсүнүн аудиосу тарап кеткен окуя боюнча айтты. Аудиодон Жээнбеков президенттик кызматтан кетүү ниетин билдиргенин угууга болот.
"Ошол учурда Жээнбеков менен мени сүйлөшкөн деп айтылып кеткен. Бирок мен Жээнбеков менен сүйлөшкөн эмесмин. Менин үнүмдү баары тааныйт, ал мен эмес. Азыр интернетте маалымат көп, ал Жогорку Кеңештин депутаты. Бирок анын атын айтпайм", - деди ал.
Ошондой эле ал бул аудио боюнча эч кандай териштирүү болбогонун айтты.