Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын иши Башкы прокуратурага өткөрүлдү

Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жогорку Соттун ушул жылдын 25-январындагы токтому менен жактоочулардын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтөрү канааттандырылган. Биринчи жана экинчи инстанцияда сот актылары жокко чыгарылды. Кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди", - деп жазылат тийиштүү мекеменин маалыматында.
Эске салсак, буга чейин эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган Райкүл Жапарова Польша Республикасынын аймагынан кармалган.
Бүгүн президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылганын Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nargiz-sa
2021-02-05 19:01:17
Албетте иниси президент болсо эжеси кылмышкер болмок беле
+18
bond02
2021-02-05 19:13:48
Жапаровдордун ташы ойдо кулап турганда куноолуу деп тапкан адамдын озу куноолуу болот да.
+21
Alinur96kg
2021-02-05 22:02:26
Аз кундон кийин акталды,кылмыш кылбаптыр деп окуйбуз.
+9
algakaray
2021-02-05 22:15:54
Балким эжесине да жалган жалаа жабылып, сот иштери бутпой жургон. Эми акталчу мезгил келсе кк.
+3
Isikkolumkeremet
2021-02-06 14:17:04
Ооба.чындыгында биринчи жаманды ойлойбузда
0
Sara1993
2021-02-08 12:04:15
ээх башталды тууганчылык, КАЙРАН ГАНА КЫРГЫЗ ЭЛИМ кайра эле мурунку кейпибизди кийет экенбиз, онолбой эле жоголот окшойбуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан