Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба жана суу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарманке 6-февралда саат 10:00дө башталып, Киев, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Анда азыктар төмөнкү баада коюлат:
• Эт азыктары - 390 сом;
• Жумуртка - 88-92 сом;
• Үй тооктору -180-200 сом;
• Каймак - 220 сом;
• Быштак - 180 сом;
• Колдун айраны - 40 сом;
• Өсүмдүк майы - 112-120 сом;
• Картошка - 22-25 сом;
• Пияз - 15 сом;
• Сабиз - 20 сом.
Ошондой эле жашылчалар, суусундуктар жана башка азык-түлүктөр коюлат.
Жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар төмөнкү номерге кайрылыңыздар.