Биз социалдык тармакта

Чүйдө дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жашар бала базардын аймагынан аман-эсен табылды

Чүйдө дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы бала "Дордой" базары жактан аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 4-февралда өспүрүмдүн ата-энеси Аламүдүн РИИБине кайрылып, баласы Ак-Жар конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтышкан.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери бүгүн, 5-февралда өспүрүмдү "Дордой" базарынын аймагынан таап, ата-энесине өткөрүп беришти", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан