Кечээ, 4-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМК тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.
Бүгүн, 5-февралда депутаттын баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыкты деген маалымат жергиликтүү басылмалардын бирине жарыяланды. Бул боюнча Биринчи Май райондук сотуна кайрылганыбызда, маалымат туура эмес экенин билдиришти.
"Биринчи Май райондук сотунун 4-февралдагы токтомуна ылайык, шектүү Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин СИЗО-1ге камакка алынды. Ал үй камагына чыккан жок", - дешти мекемеден.