Биз социалдык тармакта

Кытай коронавируска каршы вакцинаны Кыргыз өлкөсүнө акысыз бере турган болду

Кытай мамлекети COVID-19га каршы кытай вакцинасын Кыргыз өлкөсүнө акысыз берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 5-февралда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Кытай мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэньдин жолугушуусунда маалым болду.

"Элчи Ду Дэвэнь биринчилерден болуп Кыргыз өлкөсүнө COVID-19га каршы кытай вакцинасын бекер берүү чечими эки мамлекетинин ортосундагы өзгөчө мамилелерди эске алуу менен кабыл алынганын айтты. Вакциналарды жеткирүү боюнча техникалык маселелер тараптартын ортосунда жакынкы убакытта макулдашылат".

Ошондой эле Ду Дэвэнь Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырзанын Руслан Казакбаевге министр болуп дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын тапшырды.

"Министр өз кезегинде, айтылган куттуктоолору үчүн Ван И мырзага, ошондой эле вакцина түрүндө көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн Кытайдын өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди. Бул эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн көрүнүктүү далили болуп саналат", - айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз-Кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча кеңири пикир алмашылды, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sarbo
2021-02-06 10:26:31
оздорундо отпой иштебей калганын кыргыздарга боло берет деп берсе кк
+12
Bakyi
2021-02-06 11:19:09
sarbo, өзүбүз чыгара албагандан кийин жөн эле отуралы...
-8
dkrf
2021-02-06 14:31:53
Bakyi,
Туура. Кыргыз мамлекети Афганистан же Сирия, африка олколорун тенелип калдык. Анткени бизде билим системасы томон, ар кайсы мифтерге, догматикалык тушунукторго ишенебиз, жаны баалулуктарды кабыл алганды билбейбиз, эски тушунуктор менен жашайбыз. Мунун баары жакырчылыка алып барып жатат.
0
Kuban-1207
2021-02-06 10:30:53
Кытайдан абайлаш керек
+14
Abdizhapar
2021-02-06 11:09:38
Жакшы нерсени эч ким бекер бербей калды го
+13
Aibek_eka
2021-02-06 11:22:05
Кытайдан албаш керек Россиядан алыш керек ваксинаны
+14
nazira...
2021-02-06 11:28:15
Албай эле койгулачы, пробага берсе керек алар бизге. Анан бизге заставлять этип сайасынар. Андан көрө акчага эле россияныкын алалы.
+11
Jelezo
2021-02-06 11:38:22
Пособие алып жашаган үй-бүлөгө окшогон мамлекет болдук.
+9
Kuban-1207
2021-02-06 12:20:21
Jelezo, Туура ошондой эле мамлекет болдук
+5
al-abu-kinesz
2021-02-06 21:11:08
Кытайдан жакшылык кутууго болбойт. Вакцинасынын составында эмне бар экенин биз каяктан билебиз. Генге отуп кетуучу вирустар менен ууландырбайт деп ким кепилдик бере алат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан