Биз социалдык тармакта

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөттү

Түркия мамлекети Кыргыз өлкөсүнө кезектеги гуманитардык жардамын көрсөттү. Тагыраагы, аталган өлкө 5000 ПЦР-тестин бергенин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев иш-сапары менен Түркияга барды.

"Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары менен жолугушту. Анда министр коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө буга чейин көрсөткөн жардамдары үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулашты. Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достук ооруканасы жөнүндө келишимди Түркия парламенти тарабынан тезинен ратификациялоо зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары 5 миң ПЦР-тестин берди", - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2021-02-06 11:35:02
Качан жардам берген өлкөгө айланаар экенбиз.
0
Aky12
2021-02-06 13:48:43
Гумжардам келип эле атат,элге беришпесе алып эмне кереги бар
0
Eldik1111
2021-02-06 15:42:41
Элге бергидей ПЦР ди жемек беле бекео акысыз ооругандардан анализ алынып жатпайбы ошол да гумжардамы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан