Жакынкы күндөрү Кыргыз өлкөсүнө 5 көчмө клиника алып келинет. Көчмө клиникалардын базасында заманбап медициналык шаймандар менен жабдылган диагностикалык бөлүм бар. Клиникалар Түркияда өндүрүлгөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
Белгилүү болгондой, көчмө клиникалар өкмөт менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы келишимдин негизинде даярдалган.
"Көчмө клиникалардын базасында компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммография, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиография сыяктуу заманбап медициналык жабдыктары бар диагностикалык бөлүм, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле офтальмологиялык операциялар боюнча операциялык бөлүм бар".
Мындай клиникаларды өндүрүүчү Норвегиянын "NORMECA AS" компаниясы, ал эми көчмө клиникалар Түркиядагы "Optima Technic" заводунда чыгарылат.