Акыркы сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 3 киши каза болду. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун бирөө Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда катталды.
Республикада илдет катталган күндөн бери жалпы 1 миң 426 адам көз жумду.