Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 406 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 186 адам каза болсо, 7 миң 681 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 575;
Свердлов облусунда - 301;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 249;
Санкт-Петербург шаарында - 244 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 759 миң 203 адамдан коронавирус аныкталды. 12 миң 123 адам каза болсо, 539 миң 373 бейтап айыгып чыкты.