Эртең, 8-февралда Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда кар жаайт деп билдирет Кыргызгидромет борборунан.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...+6, күндүз +3...+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6.
Бишкекте күндүз жамгыр жаайт, абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз + 12…+14.