Өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычында суунун агып келгенинен чыгышы төрт жарым эсе көп болууда. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 8-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 353 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 140 метр куб, агып чыгышы 633 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.