Биз социалдык тармакта

"Точка" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү СИЗО-1ге которулду

Токмок райондук сотунун чечими менен 45 жаштагы "Точка" каймана аты менен жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектеги СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин 4-февралда Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан номери өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 5 ок жана колго жасалган бычак алынган.
Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, крим чөйрөдө "смотрящий" жана "положенец" статусуна ээ болуп, ИИМдин алдын алуу боюнча каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан