Бүгүн, 8-февралда саат 09:33тө Баткен облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Алай кырка тоосунда, Кара-Тейит айылынан 17 километр түндүк-батыш, Карамык айылынан 19 километр түндүк-батыш, Баткен шаарынан 86 километр түштүк-чыгыш, Ош шаарынан 142 километр түштүк-батыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 баллга чейин сезилди", - деп жазылат билдирүүдө.