Баткен облусунун аймагында бир апта аралыгында мас абалында унаа башкарган 18 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-февралдан 7-февралга чейинки аралыкта бузуулар кодексинин негизинде 907 протокол түзүлдү.
Алар:
1) Ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар - 198;
2) Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар - 24;
3) Мас абалында унаа башкарган айдоочулар -18;
4) Айнегин караңгылаткандар - 3;
5) Убактылуу короого токтотулган унаалар - 38;
"Баткен шаары боюнча 1 жол кырсыгы катталып, 1 адам денесинен жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ал эми Кадамжай району боюнча бир жума ичинде 5 жол кырсыгы катталып, 8 жаран денесинен ар кандай жаракат алып аймактык ооруканага кайрылышкан", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.