Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Русланбек Акылбеков дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.
Русланбек Акылбеков жеке юридикалык жана финансылык компаниянын директору болгон. 2012-жылы Биринчи Май райондук акиминин орун басары болуп иштеген. Мындан сырткары, мамлекеттик жана жеке уюмдарда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Эскерте кетсек, буга чейин вице-мэр Азиз Алымкулов ээлеген кызматынан бошотулганы маалымдалган.